Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:20

Солсбериде уулануунун жаңы ыктымал белгилери катталды


Британ маалымат каражаттары жазганына караганда, жекшемби күнү кечинде полиция Prezzo рестораны орун алган районду курчоого алды. Ресторандан уулануу белгилери менен эки киши кайрылган. Бир аял, бир эркек ооруканага жаткырылып, эсине келе баштаганы кабарланды. Ресторандагы кардарлардын бири ууланууга шектелгендер орустар болгонун "Твиттердеги" баракчасына жазды. Бул маалымат боюнча расмий жооп айтыла элек.

Мурдагы тыңчы Сергей Скрипал жана анын кызы “Новичок” химиялык заты менен Солсбери шаарында ууландырылгандан кийин ооруканада бир нече апта жатып чыгышкан. Британия жана анын өнөктөштөрү ууландыруунун артында турганы үчүн Орусия бийлигин күнөөлөгөн, Москва айыптоолорду четке каккан. Британиянын бийлиги Скрипалдарды Орусиянын башкы аскерий чалгын мекемесинин эки агенти ууландырганын жарыялаган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG