Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

Комитет жетекчилигине Эмил Осмонбетов сунушталды


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жетекчилигине Эмил Осмонбетовдун талапкерлигин сунуштады. Анын талапкерлигин парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 18-сентябрда карайт. Мындан сырткары комитеттин кароосуна өкмөттүн аппарат жетекчи кызматына Шамилбек Асымбековдун, Юстиция министрлигине Марат Жаманкуловдун талапкерлиги жөнөтүлдү. Бул тууралуу аталган комитеттен кабарлашты.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов берген арызына ылайык 7-сентябрда кызматтан бошотулган. Ал эми өкмөттүн буга чейинки аппарат жетекчиси Мурат Мукамбетов августта иштен алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG