Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Нарында жүзгө жакын койду жүк унаасы тебелеп кетти

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек-Торугарт жолунда жүк ташыган унаа жолдо бараткан 97 койду тебелеп өлтүрдү.

Нарын облустук Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, окуя 15-сентябрда түнкү саат эки жарымда болгон. Кытай тараптан жол тарткан фуранын айдоочулары койлорду көрбөй калышкан. Ал кезде чабандар Арпа жайлоосунан Кара-Суу айылын көздөй кой айдап келаткан. Чабандар милицияга арыз жазышты.

Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы чабандар менен сүйлөшүп, жолго чыкканда жарык берчү каражаттарды колдонууну сунуш кылышты.

XS
SM
MD
LG