Линктер

шаршемби, 19-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 17:27

Кыйноого шектелген милиционерлер иш калыс жүрбөй жатканын айтып чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында кыйноо колдонууга шектелген милиционерлер кылмыш иши негизсиз ачылып, калыс териштирилбей жатканын айтып чыгышты. Алардын экөө "Азаттык" радиосуна кайрылып, бул кылмыш иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматындагы адамдар менен милицияда иштегендердин өз ара талашынын негизинде ачылганын, милиционерлерге ойдон чыгарылган айыптоолор коюлуп жатканын билдиришти.

Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу алардын аттары коомчулукка ачык айтыла элек.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн үч кызматкери кыйноо колдонууга шектелип жатканын Башкы прокуратура кабарлаган. 12-сентябрда аларга Кылмыш-жаза кодексинин 305-1 («Кыйноо»), 324 («Мыйзамсыз кармоо же камакка алуу») беренелери менен кылмыш иши ачылган. Милиционерлерге каршы алардан запкы көргөнүн айтып, жергиликтүү тургун быйыл 4-сентябрда арыз жазган.

"Азаттык" радиосуна кайрылган милиция кызматкерлери эч кимди кыйноого албаганына ишендиришүүдө. Алардын айтымында, арызды уюшкан кылмыштуу топко мүчө, 28 жаштагы жаран жазган. Милиционерлер аны эгемендик майрамынын алдында кезектеги профилактикалык сүйлөшүүгө чакырышканын, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал коё берилгенин белгилешти.

Арыз жазган адам арызына денесиндеги көгала сүрөттөрүн тиркегени кабарланган. Бирок милиционерлер анын бөлүмгө келип кеткен учуру видеодо бар экенин, далилдери жетиштүү экенин айтып жатышат. Алар экспертиза жыйынтыгы да шашылыш чыгарылганын, денедеги көгала атайылап жасалганын, чукул арада экспертизанын тыянагын чыгаруу мүмкүн эместигин белгилеп, алар күч органдарында иштегендердин тирешинин курмандыгы болуп жатканын божомолдошту.

"Азаттык" радиосуна кайрылган милиционерлер куру дооматка туш болуп калганын, бирок милиция жетекчилиги аларды колдобой жатканына да нааразы. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG