Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Санкт-Петербургда пенсиялык реформага каршы митинг өттү


Пенсия реформасына каршы чыккан демонстранттар. Санкт-Петербург. 16-сентябрь, 2018-жыл.
Пенсия реформасына каршы чыккан демонстранттар. Санкт-Петербург. 16-сентябрь, 2018-жыл.

16-сентябрда Санкт-Петербургда пенсиялык реформага каршы митинг өттү. Нааразылык акциясына 500дөй кишинин чогулганы кабарланууда. "Биз кул эмеспиз" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыккан митингчилер "Путин - ууру", "Путинсиз Орусия!" деген ураандарды чакырып турушту.

"РВД-инфо" укук коргоочу уюмдун маалыматына караганда, полиция үч кишини кармап кетти. Катышуучулар бийликтин мындай мамилесине нааразылыгын билдирип жатышты. Өткөн жумада Орусиянын 80ден ашуун шаарларында ушундай эле митинг-жүрүштөр болгон. Анда тартип коргоочулар жүздөгөн кишини кармашкан.

Орусиянын президенти Владимир Путин август айынын соңунда талаштуу пенсия реформасы жумшартыларын атайын телекайрылуу аркылуу жарыялаганы менен өлкөдө митинг-акциялар токтой элек.

Орус өкмөтүнүн пенсия курагын көтөрүү боюнча быйыл июнда жарыялаган сунушу жазында кайра шайланган Путиндин калк арасындагы кадыр-баркын төмөндөткөн.

XS
SM
MD
LG