Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:05

Орусиядагы жол кырсыгында кыргыз жараны көз жумду


Орусиянын Рязанск облусундагы жол кырсыгында бир кыргыз жараны көз жумду. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова маалыматты тастыктап, маркумдун жана жабыркагандардын тек-жайы такталып жатканын билдирди.

- "Каза болгон адам 1967-жылы төрөлгөн экен" деп айтышты. Демек күч органдары анын паспортун көргөн. Тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз, тийиштүү суроо-талапты ошол эле күнү жөнөттүк.

"Интерфакс" Ички иштер министрлигинин жергиликтүү башкармалыгына таянып билдиргендей, кыргызстандыктар бараткан микроавтобус 16-сентябрда таңга жуук электр мамысына урунган. Алар Москвага бараткан эле.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, айдоочу рулду башкара албай калган. Автобуста сегиз адам болгон. Бирөө каза таап, беш адам жараат алган. Алардын экөө ооруканага жаткырылып, башкаларга жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG