Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз бийлигинин Алматы аэропортундагы адам укуктарынын ыктымал бузулушу тууралуу билдирүүсүн текшерүү башталганын билдирди.
"Биз учурда кайсы факттар тууралуу кеп болуп жатканын тактап жатабыз",-деди министрликтин маалымат катчысы Айбек Смадияров. Ал "Казакстан аэропортторунда коопсуздук режими бардык жүргүнчүлөр үчүн бирдей экенин" кошумчалады.
14-сентябрда Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаев "Алматынын эл аралык аэропортунда кыргыз жарандарынын тыкыр текшерилип жатышы" боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылган. Буга чейин кыргызстандыктар Казакстандын коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү ар кандай шылтоо менен текшерип, жеке маалыматтарды алып жатканына нааразылыгын билдирип келишкен.
Элчи менен жолугушуу маалында кыргыз тарап коңшу мамлекеттин компетенттүү органдарынын аракеттери боюнча тынчсыздануусун билдирип, буга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Жазында расмий Астана бул текшерүүлөрдү "эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрүн табуу аракетинде өткөрүлүп жатат" деп түшүндүргөн.
Астана Кыргызстан ТИМи тапшырган нотадагы фактыларды текшерүүдө
