Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

"Азаттык" көтөргөн маселе Ош мэриясынын жыйынында талкууланды


Таалайбек Сарыбашев
Таалайбек Сарыбашев

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 17-сентябрда кылмыштуулукка каршы жыйын куруп, натыйжалуу күрөш жүргүзүүнү тапшырды.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, анда “Азаттыктын” журналисттери даярдаган “Бандиттер байырлаган Ош” иликтөөсү талкууланды. Мэр шаардагы ар бир спорт зал көзөмөлгө алынып, спортчулар кылмышка аралашпашы үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтты.

Жыйынга милициянын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын, прокуратуранын, мэриянын жана спорт комитетинин жетекчилери катышты.

“Коррупция, кылмыштуулук менен күрөшүүнү ар бир Ош шаарынын тургуну сезиши керек. Бандиттер эмес, мыйзам менен бийлик башкарат. Спортчу кылмыштуулукка эмес, мамлекеттин намысына жараш керек. Ал үчүн жаштарды колдоп, спортчуларга туура багыт берүү зарыл”, - деди Сарыбашев.

"Азаттыктын" журналисттери даярдаган “Бандиттер байырлаган Ош” иликтөөсүндө спортчулардын адам укугун тебелеген жоруктары тууралуу сөз болот. Мыйзамсыз иштерди жасап, жоопко тартылбай жүргөндөр күч органдарында иштеген кишилердин спорт клубдарынын машыгуучулары экени айтылат. (SE)

XS
SM
MD
LG