Орусиянын Владивосток шаарында Приморье аймагынын губернаторун шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондордун акциясы уланат. Бул тууралуу "Азаттыктын" орус кызматына Орусиянын Компартиясынын (РФКП) талапкери Андрей Ищенко билдирди.
Ал мурда жарыялаган ачкачылык акциясынан баш тартканын жана шаар администрациясынын алдына чатырларды да тикпестигин кошумчалады. Мындай кадамга ал партиянын лидери Геннадий Зюганов менен кеңешкенден кийин келгенин айтты.
Дүйшөмбүдө Владивостокто Приморьенин губернаторун шайлоонун экинчи айлампасында чыккан жыйынтыкка каршылардын акциясы өткөн. Алдын ала жыйынтыктарга караганда добуш берүүдө "Бирдиктүү Орусиянын" талапкери Андрей Тарасенко уткан. Сурамжылоолордо жана добуш саноодо алдыда келаткан Ищенко жыйынтык бурмаланганын айтып, жыйынтыкты тааныбай ачкачылык акциясын жарыялаган.
Партиянын лидери Геннадий Зюганов Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, Приморьедеги кырдаалга кийлигишүүсүн талап кылган. Ал ошондой президентти окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүүгө буйрук берүүгө чакырды.
Зюганов ошондой эле 22-сентябрда бүткүл Орусия боюнча нааразылык акциясын өткөрүүнү убада кылды. Абакта жаткан оппозиция лидери Алексей Навальный орусиялыктарды Приморьедеги акцияны колдоп, Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүлөрүнө ишенбөөнү суранды.