Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:08

“Супара” этнокомплексин өрт чалды (видео)


"Супара" этнокомплексин өрт каптаган учуру

Бишкектин четиндеги “Супара” этнокомплекси өрттөндү. Бул маалыматты өрт өчүрүү кызматынан “Азаттыкка” ырастады. ӨКМдин маалымат кызматы кабарлагандай өрт тууралуу маалымат түнкү саат экиде түшкөн. "Супара" этнокомплексинен чыккан өрт саат 03:24тө чектөөгө алынып, жетиге жакын толук өчүрүлгөн.

Өрт эмнеден чыкканы азырынча айтылган жок. Алдын ала маалыматка караганда, адам өмүрүнө зыян келген жок.

“Супара” – байыркы кыргыз элинин маданиятын, турмуш-тиричилигин камтыган Кыргызстандагы этнографиялык комплекс. Этнокомплекстин архитектурасы, жасалгасы, боз үй, таш коргон үйлөрдүн шөкөттөлүшү, конок тосуу аземи жыгач, кийиз, чийден жасалган. “Супара” – маркум Табылды Эгембердиевдин ишке ашырылган долбоору. (KE)

"Супара" өрттөн кийин
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG