Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

ЖК комитети өкмөттүн талапкерлерин карайт


Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган талапкерлерди карайт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жетекчилигине Эмил Осмонбетовдун талапкерлигин сунуштады. Мындан сырткары өкмөттүн аппарат жетекчи кызматына Шамилбек Асымбековдун, Юстиция министрлигине Марат Жаманкуловдун талапкерлиги жөнөтүлдү. Бул тууралуу аталган комитеттен кабарлашты.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов берген арызына ылайык 7-сентябрда кызматтан бошотулган. Ал эми өкмөттүн буга чейинки аппарат жетекчиси Мурат Мукамбетов август айында иштен алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG