Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:02

ЮНИСЕФ: Бала сатууга байланыштуу окуя терең иликтениши керек


Бишкекте ымыркайларды соодалоо жана бала сатууга шектүү дарыгерлердин кармалышына байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) билдирүү таратты. Анда тийиштүү органдар бул окуяга байланыштуу ар бир фактыны терең иликтеп, келечекте мындай көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн өлкө мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө чакырган.

- “Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Бишкек шаарындагы интернаттык жана медициналык мекемелерде ымыркайларды соодалоо жана бала сатуу учурлары тууралуу ЖМКда чыгып жаткан маалыматтарга терең тынчсыздануусун билдирет. Ымыркайларды соодалоо жана бала сатуу – алардын укуктарын өтө одоно бузууга жатат.

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашуун өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырат. Фонд балдардын эң аялуу топторуна өзгөчө көңүл бурат.

Бишкектеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун биринде иштеген гинекологдор бала сатууга шектелип 7-сентябрда кармалган. Алгач үчөө камакка алынып, бирөө баласы жаш болгону үчүн үй камагына чыгарылган. Бул ишке байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Адам сатуу”, “мыйзамсыз бойдон алуу” жана “жалган документтерди даярдоо” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG