Алдын ала маалыматтарга караганда, Бишкектин четиндеги "Супара" этнокомлексинде өрт чалган жер миң квадрат метрди түздү. Курулуп жаткан имарат жана алты боз үй күйүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Адамдар арасында ден соолугуна зыян келгендер жок.
Тилсиз жоонун себеби жана чыгымы такталып жатат. Жалын ашканадагы электр зымдарынан чыгып, тутанып кетиши ыктымал экени айтылууда.
18-сентябрда түнкү саат 2:05те тутанган жалынга каршы алты өрт өчүргүч топ күрөшүп, эртең менен саат 6:46да өчүрүлгөн.
“Супара” – байыркы кыргыз элинин маданиятын, турмуш-тиричилигин камтыган Кыргызстандагы этнографиялык комплекс. Архитектурасы, жасалгасы, боз үй, таш коргон үйлөрдүн шөкөттөлүшү, конок тосуу аземи жыгач, кийиз, чийден жасалган.
“Супара” – маркум Табылды Эгембердиев ишке ашырган долбоор.