Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

Бишкекте "Тең укуктуулук үчүн" жүрүшү өттү


Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун "Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугу" тууралуу конвенцияны ратификациялоону жактагандардын жүрүшү өттү.

18-сентябрда шаардык мэриянын имаратынын алдында башталган жөө жүрүш Шопоков көчөсүндөгү Жеңиш аянтына чейин болду. Аны "Жаңырык" улуттук түйүнү жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын биримдиги уюштурду.

Жогоруда аталган конвенция кабыл алынса, майып адамдар жумушка башкалар менен тең шартта орношууга, мектеп, бала бакчаларга барууга, шаар, айылдарда эркин басып жүрүүгө укук алып, мамлекет буга атайын шарттарды түзүп бериши керек. Аны ратификациялоо демилгеси сегиз жылдан бери көтөрүлүп, ишке ашпай келүүдө. (BCh)

XS
SM
MD
LG