Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

ИИМ: "Супарадагы" өрт криминалдык мүнөздө каралган жок


"Супара" - өрттөн кийинки көрүнүш.
"Супара" - өрттөн кийинки көрүнүш.

"Супара" этнокомплексиндеги өрт криминалдык мүнөздө каралган жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Жапаркулова билдирди:

- Бардык фактылар Ички иштер органдарында каттоого алынды. Ыкчам иликтөө тобу тактоо ишин жүргүзүп жатат. Тийиштүү экспертиза дайындалды. Видеобайкоого жазылып калган учурлар алынды. Өрттүн чыгышында криминалдык аракет болушу мүмкүн деген версия каралган жок.

18-сентябрда түндө Бишкектин четиндеги "Супара" этнокомплексинде жалын чыгып, курулуп жаткан имарат жана алты боз үй күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги миң чарчы метр жерди өрт чалганын кабарлады. Адистердин алдын ала маалыматына ылайык, тилсиз жоо ашканадагы электр зымдарынан тутанган.

"Супаранын" "Фейсбуктагы" баракчасындагы маалыматка ылайык, ал жерде иш өз нугунда уланууда.

“Супара” – байыркы кыргыз элинин маданиятын, турмуш-тиричилигин камтыган Кыргызстандагы этнографиялык комплекс, коомдук тамактануучу жайы бар. Архитектурасы, жасалгасы, боз үй, таш коргон үйлөрдүн шөкөттөлүшү, конок тосуу аземи жыгач, кийиз, чийден жасалган. Ал маркум Табылды Эгембердиев ишке ашырган долбоор.

14-сентябрда Бишкектеги "Мадина" базары, 17-сентябрда Караколдогу "Ак-Тилек" базары өрттөнгөн. Бардык фактылар милициянын каттоосуна алынып, чоо-жайы иликтене баштады.

Буга чейин Бишкектеги "Ош", "Берекет" базарларында, Жалал-Абаддын борбордук базарында да өрт чыгып, ал атайын уюштурулган болушу мүмкүн деген божомолдор айтылган.

30-августта баш калаадагы Улуттук филармонияда да өрт чыгып, 200 чарчы метр аянты күйүп кеткен.

XS
SM
MD
LG