Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Ала-Букада кенде иштеген жарандын өлүмү иликтенет


Ала-Буканын Бозумчак жез-алтын кенинде иштеп жүрүп, ушул жылдын 8-сентябрында каза болгон Айбек Нурбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтөө талап кылынууда. 18-сентябрда Көк-Серек айылында өткөн жыйында тургундар ушундай талап коюшту.

Нурбаев оорудан улам көз жумганы айтылган. Көк-Серек айылындагы элдик жыйын учурунда Бозумчак кенин иштеткен "Казакмыс" компаниясынын коомчулук менен байланыш боюнча генералдык директорунун орун басары Жайыл Дадиев залда отургандар менен жаңжалдаша кетип, милиция жана айрым кызматкерлер арачалап калышты.

Райондук ички иштер бөлүмү маркумдун атасынын арызынын негизинде анын өлүмүнүн жагдайын териштире турганын билдирди.

Мындан сырткары Көк-Серек айылдык кеңешинин депутаттары "Казакмыс" компаниясына жетекчинин орун басары Дадиевди кызматтан алып, эл менен иштеген кишини дайындап берүүнү өтүнүшкөн.

Көк-Серек айылындагы жыйында "Казакмыс" компаниясынын жыл ичинде аткарган иштери талкууланып, элдин суроо-талаптары айтылды. Жыйынга жалпы 300дөн ашык адам катышканын "Азаттыктын" кабарчысы маалымдады. (RsK)

XS
SM
MD
LG