Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:52

Бухарада автобустагы жарылуу беш адамдын өмүрүн кыйды


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Өзбекстандын Бухара облусунда автобуста газ баллон жарылып, беш адамдын өмүрү кыйылды. "Азаттыктын" өзбек кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматынаа таянып билдиргендей, окуя 18-сентбярда эртең менен Когон районунда болгон.

Расмий кабарга ылайык, төрт адам жеринде, бирөө ооруканада көз жумган. Бейтапканага жеткирилген беш адамдын абалы оор. Автобуста 26 адам болгон. Калгандары орто жана жеңил жараат алган.

Кырсыктын чоо-жайын иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү.

XS
SM
MD
LG