Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Статком Кыргызстандагы ири 200 компаниянын рейтингин чыгарды


"Кумтөр" кени
"Кумтөр" кени

Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы ири 200 компаниянын тизмесин түздү. Ишканалар 2017-жылдагы өндүрүш жана каржы ишмердигинин жыйынтыгы менен тандалган.

Рейтингдин алгачкы ондугунда тоо-кен тармагындагы ишканалар, уюлдук операторлор жана энергетика компаниялары турат:

  1. "Кумтор Голд Компани",
  2. "Электр станциялар",
  3. "КАЗ Минералс Бозумчак",
  4. "Альфа Телеком",
  5. "Кыргыз темир жолу",
  6. "Скай Мобайл",
  7. "Алтынкен",
  8. "Манас" эл аралык аэропорту,
  9. "НУР Телеком",
  10. "Түндүкэлектр".

Ал эми алдыңкы элүү орунда "Кока-Кола Бишкек Боттлерс" (15-орун), "Народный" соода үйү (17), "Автомаш-Радиатор" (19), "Куликовский" таттуу үйү (29), "China Road And Bridge Corporation In Kyrgyzstan" өкүлчүлүгү (31) жана "Шоро" (46) бар.

Рейтингдин аягынан "Asiamotors" (195), "Кыргызстан" коммерциялык маалыматтар агенттиги (196), "Дали" (197), "Глория Трэйд" (198), "Стройсервис плюс" (199) жана "Дан-Юг" (200) ишканалары орун алды.

Толук маалымат Улуттук статистика комитетинин сайтына илинди.

XS
SM
MD
LG