Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:12

АКШ 200 млрд. долларлык кытай товарына 10% төлөм киргизет


АКШ менен Кытайдын желектерин илүү учуру. Бээжин, 8-ноябрь, 2018-жыл.
АКШ менен Кытайдын желектерин илүү учуру. Бээжин, 8-ноябрь, 2018-жыл.

Бул тууралуу буйрукка президент Дональд Трамп дүйшөмбү күнү кол койду. 2019-жылдын 1-январынан тарта Кытайдан ташылган товарга төлөм 25% чейин көтөрүлөт.

Мындай чара Бээжиндин өз базарын америкалык товарга кеңири ачуудан баш тартуусуна жооп иретинде киргизилди.

Буга чейин Вашинтон 50 миллиард долларлык кытай товарына төлөмдү көбөйтсө, бул жолу массалык түрдө колдонулган товарларга дагы кирди.

Бир катар компаниялар Кытайда чыгарылган тетиктердин баасы кымбаттаса, АКШда жумушчу орундарынын кыскарышына түрткү болорун эскертишти. Жаңы экономикалык чарага АКШнын соода палатасы каршы болду.

Тармп жаңы чараларды жарыялап жатып, бул АКШнын тынчсыздануусуна Бээжин тиешелүү деңгээлде жооп бербей койгону үчүн жасалганын жарыялады.

АКШ президенти «мен кайрадан кытай жетекчилигин адилетсиз соода жүргүзүүнү токтотуу үчүн чукул аракет көрүүгө чакырам» деди. Ал ошондой эле Бээжин сүйлөшүүдөн баш тартса, АКШга киргизилген бардык кытай товарына төлөм жогоруларын дагы эскертти.

АКШнын соода министри Стивен Мнучин кытай делегациясын соода алакасын жөнгө салууга Вашингтонго чакырды.

Бээжин Вашингтон жаңы төлөмдөрдү киргизсе, сүйлөшүү болбой турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG