Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

Жапониялык миллиардер Айга турист болуп барат


Айдын көрүнүшү, Куляб облусу, Тажикстан, 27-28-июль, 2018-жыл.
Айдын көрүнүшү, Куляб облусу, Тажикстан, 27-28-июль, 2018-жыл.

Жапониялык миллиардер Юсаку Маэдзава биринчи космос туристи болуп Айга барат. "SpaceX" жеке компаниясы саякат 2023-жылга пландалып жатканын кабарлады. Бир апталык экспедиция маалында Big Falcon Rocket кемеси Айга 200 километрдей жакын барып, Жерге кайтып келмекчи. Маэдзава өзү менен дүйнөнүн булуң-бурчунан алты-жети белгилүү искусство ишмерлерин ала барарын айтат. Алардын арасында сүрөтчү, музыкант, модельер, режиссер болмокчу.

Миллиардер саякат үчүн канча акча төлөөрүн "SpaceX" ачыкка чыгарган жок. Тарыхта буга чейин 24 киши Айга барып келген. Акыркылардан болуп 1972-жылы америкалык "Апполон-17" кемеси кайткан.

"SpaceX" Айга туристтик учууларды уюштураарын былтыр февралда жарыялаган. Быйылкыга пландалган экспедиция келерки жылга калды.

XS
SM
MD
LG