Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Наина Ельцина президент Жээнбеков менен жолукту


Орусиянын мурдагы президенти Борис Ельциндин жесири Наина Ельцина Бишкекте Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолукту. Ал Кыргыз-орус Славян университетинин 25 жылдык мааракесине келген. Аталган университет Ельциндин атын алып жүрөт.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу учурунда Жээнбеков бул университетти Кыргызстан менен Орусиянын мамилесинин эң ийгиликтүү долбоорлорунун бири деп атады. Ошондой эле Ельцинаны Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Эл аралык интеллектуалдардын Ысык-Көл форумуна катышууга чакырды.

Жолугушуу 18-сентябрда болду.

XS
SM
MD
LG