Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Ырчы Зерени коркутуп жатышат


Зере Асылбек кызы.
Зере Асылбек кызы.

Ырчы жана активист Зере Асылбек кызынан "Кыз" аттуу ырына тартылган клипти Интернеттен өчүрүүнү талап кылып, коркутуп жатышат. Ал 18-сентябрда bespredel_kg, ddjumabaev деп катталган колдонуучулардан келген билдирүүнү "Фейсбукка" жарыялады. Анда эгер Зере клипти өчүрбөсө, "өлтүрүп кетебиз" деген коркутуу жазылган.

Зере "Азаттык" радиосуна билдиргендей, бул билдирүү анын "Инстаграмдагы" баракчасына жеке кат түрүндө келген.

"Азырынча күч органдарына кайрыла элекпиз. Атам менен кеңешип, анан бир аракетимди көрөм",- деди ал.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы ырчы жарыялаган билдирүү текшерилерин айтты.

Адам укуктарын урматтоого чакырган "Кыз" аттуу клип ушул аптада жарык көрүп, коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү. (SE)

Зере: Мен өз оюмду айттым
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00

XS
SM
MD
LG