Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:56

Израил атылган учак боюнча Орусиянын айыптоосун четке какты


Орусиянын Ил-20 радиоэлектрондук чалгын учагы.
Орусиянын Ил-20 радиоэлектрондук чалгын учагы.

Израилдин армиясы дүйшөмбүдө Сирияда атып түшүрүлгөн учакка байланыштуу Орусиянын айыптоосун четке кагып, бул үчүн президент Башар Асаддын күчтөрү жоопкер экенин белгиледи.

"Израил орусиялык учактын экипаж мүчөлөрүнүн өлүмүнө кайгырат. Израил орусиялык учактын атылышы үчүн күнөөнү Асад режиминин армиясына жүктөйт, бул инцидент үчүн толугу менен алар жоопкер", - деп белгиленет өлкөнүн Коргонуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө.

Израил ошондой эле билдирүүсүндө бул окуя үчүн президент Башар Асадды колдогон Ирандын өнөктөшү - "Хезболла" тобу да жоопкер экенин кошумчалады.

Билдирүүдө "Сириянын абадан коргонуу батереялары тандабастан атышты, биз түшүнгөндөн аба мейкиндикте Орусиянын учагы жоктугуна ынанууга аракеттенишкен. Израил бул ишке байланышкан фактыларды далилдөө үчүн болгон маалыматтын баарын Орусия менен бөлүшөт", - деп айтылган.

Сириянын аба күчтөрү орустардын аскердик чалгын учагын Жер ортолук деңизинин үстүнөн атып түшүрүп, 15 аскер адамы курман болгонун 18-сентябрда Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Москванын маалыматына караганда, орус учагы радардан Сирия жээгинен 35 чакырымдай алыстыкта жергиликтүү убакыт боюнча түнкү 11де жоголгон. Бул учурда Израилдин F-16 учактары Сириянын Латакия провинциясындагы бир нече бутага сокку уруп, мунун артынан жарылуулар болгон.

17-сентябрда Сочиде президенттер Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнөн кийин Сириянын Идлиб провинциясында демилитаризациялык буфер аймагын түзүү макулдашылганы жарыяланган.

XS
SM
MD
LG