Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 17:04

Акыйкатчылыкка сунушталган талапкерлер парламенттин кароосуна жөнөтүлдү


Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Кыргызстандын акыйкатчысы (омбудсмени) кызмат ордуна фракциялар тарабынан көрсөтүлгөн беш талапкерди парламенттин кароосуна жөнөттү. Жалпысынан беш талапкер сунушталып жатат.

КСДП фракциясы Токон Мамытовдун талапкерлигин, “Бир бол” фракциясы үч талапкерди – Маматурайим Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди, “Ата Мекен” фракциясы Канат Азиздин талапкерлигин сунуштаган.

Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG