Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:07

Базар жана коомдук жайлардын өрт коопсуздугу текшерилет


"Супара" этнокомплекси өрттөн кийин.
"Супара" этнокомплекси өрттөн кийин.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бир аптанын ичинде базар жана коомдук жайлардын өрткө каршы талаптарынын сакталышын текшерүүнү тапшырды. Өкмөт башчы 18-сентябрда өрт коопсуздугуна байланыштуу өткөн жыйында акыркы кезде ири соода түйүндөрүндө, коомдук тамактануу жайларында жана тейлөө объекттеринде өрт фактылары көп катталып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, Бишкектин четиндеги “Арзу” кафесиндеги, “Мадина” жана Каракол шаарынын борбордук базарындагы, “Супара” этно-комплексиндеги өрт алардын ээлерине оор чыгымдарды алып келип, коомчулукта айрым суроолорду жаратууда.

Бишкектин четиндеги "Супара" этнокомплексинде өрт 18-сентябрга караган түнү башталып, таңга жуук гана өчүрүлгөн. Комлекстин жаңы курулуп жаткан имараты жана алты боз үй күйүп кетти. Ушул эле түнү Каракол шаарындагы “Ак-Тилек” базарын өрт чалып, кийим-кече саткан бир нече контейнер күйгөн. (КЕ)

"Супара" өрттөн кийин
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00

XS
SM
MD
LG