Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Бишкек, Ош мэрлери “Кыргызтесттен” сынак тапшырышы мүмкүн


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов “Кыргызтест” системасы аркылуу кыргыз тилинен сынак тапшырышы мүмкүн. Бобордук шайлоо комиссиясы Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери Азиз Суракматов менен Таалайбек Сарыбашевди тил боюнча тестирлөөдөн өтүүнү сунуштаган токтом кабыл алып, аталган мекемелерге жөнөтүлгөн. Сунуштама Бишкек мэриясына түшкөнүн, учурда ал каралып жатканын мекеменин басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады. Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров сунуштама берилсе, тест тапшырууда маселе жаралбай турганын билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) "Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев "Кыргызтесттен” өтүшү керек" деген журналист жана жарандык активист Канышай Мамыркулованын арызын карап, тестирлөөдөн өтүүнү сунуштаган токтом кабыл алган.

Мамыркулова Бишкек шаарынын мэрлик кызматына талапкер кезде Азиз Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча сынагы мыйзамсыз өткөнүн айтып, сотко да арызданган. Журналисттин жүйөсүндө, өкмөттүн 2017-жылдын 13-июлундагы №430 токтомунун негизинде, сынакты окумуштуулардан турган комиссия эмес, "Кыргызтест" өткөрсө мыйзамдуу болмок.

31-июлда жалгыз талапкер Азиз Суракматов тил боюнча сынактан өтүп, комиссия бир добуштан "ал кыргыз тилин билет” деген чечим чыгарган. Бирок анын "эл", "шаар" деген сөздөрдү ката жазганы тууралуу маалымат Интернетке тараган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG