Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин утурлай анын чыгармаларынын он томдук толук жыйнагы чыгат. Бул тууралуу “Улуу тоолор” басмаканасынын жетекчиси Жумадин Кадыров “Азаттык” радиосуна кабарлады.
Маалыматка караганда, жыйнакка Айтматовдун бардык чыгармалары, маек, макалалары, биргелешип иштеген эмгектери, сүйлөгөн сөздөрү кыргыз жана орус тилдеринде чыкканы жатат. Китеп эки жуманын ичинде даяр болору айтылды.
Китеп эки тилде өкмөттүн тапшырмасы менен миң комлекттен чыкканы жатат. Ал китепкананын фондун толуктаганга таратылат. Мындан сырткары басмакана өз каражатына алдын ала жазылуунун негизинде жыйнакты кошумча басып чыгарат. (КЕ)