Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:59

Трамп менен Дуда “Түндүк агым – 2” долбоору тууралуу сүйлөштү


АКШ жана Польшанын президенттери Дональд Трамп менен Анжей Дуда. Варшава. 6-июль, 2017
АКШ жана Польшанын президенттери Дональд Трамп менен Анжей Дуда. Варшава. 6-июль, 2017

АКШ жана Польшанын президенттери Дональд Трамп менен Анжей Дуда Вашингтондо биргелешкен маалымат жыйын өткөрүп, эки тараптуу мамилени жемиштүү жана келечеги бар деп баалашты. Трамп Польшанын аймагына жаңы “Патриот” ракетасын жайгаштыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. “Күчтүү мамлекеттин бекем чек арасы болушу керек”, - деди Трамп.

Дуда өз кезегинде Орусиянын таасирине альтернатива катары суюлтулган газ сатып алуунун мааниси жогору экенин айтты. Польшанын лидери анын өлкөсү “Түндүк агым – 2” газ кууру бонча тынчсызданып жатканын билдирди.

“Түндүк агым - 2” долбоору Украина менен Польшаны айланып өтүп, Балтика деңизинин түбү аркылуу Германиянын түндүк-чыгыш жээгине Орусиянын газын алып келет. Ал Москва Берлинге түз сата ала турган көгүлтүр отундун көлөмүн азыркыдан эки эсе көбөйтө турган долбоор.

АКШнын президенти Дональд Трамп жайында Брюсселдеги сапарында “Түндүк агым - 2” долбоорун кескин сынга алып, “Германия орус газынын барымтасында” калганын, жаңы газ куурунун курулушу анын көз карандылыгын ого бетер күчөтөрүн айткан.

XS
SM
MD
LG