Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:13

"Ата Мекен" "Белизгейтти" парламентте талкуулоого чакырды


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Белизден келди деген документтерди тапшырууда. 14-ноябрь, 2016-жыл.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Белизден келди деген документтерди тапшырууда. 14-ноябрь, 2016-жыл.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясы парламент “Белизгейт” маселесин карап чыгып, өз баасын бериши керек деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн жалпы жыйында фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов жана депутат Каныбек Иманалиев билдиришти. Депутат Жанар Акаев буга чейин “айрым тартип коргоо органдары калпты мамлекеттик деңгээлде айтып келишкенин” эскертип, ошого тиешелүү баа берилиши керектигин белгиледи.

Алмамбет Шыкмаматов "2016-жылы күз айларында ушул парламентке Башкы прокурор, УКМК төрагасы Сегизбаев келип, жалпы парламентти, элди, мыйзамдуулукту жана саясий этиканы тепселеп, калпты айтып кеткен. Ошондон бери туура эки жыл өттү. Эми ошол маселени талкуулап, УКМК жана Башкы прокуратураны чакырып, чекит коелу" деди.

2016-жылдын 14-ноябрында УКМК айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” улутташтырылбаган 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал документтерге Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү тиркелген.

УКМКнын быйыл апрель айында кызматтан кеткен мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев “Азаттык” менен болгон эксклюзивдүү маегинде "ыкчам булактар" аркылуу алынды делген документтин чын-бышыгы тастыкталбай калганын мойнуна алды. (RK)

XS
SM
MD
LG