Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:46

Карамушкина: Атамбаевдин тушунда ачылган кылмыш иштердин баары туура болгон


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда ачылган кылмыш иштердин баары негиздүү болгон деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Ага чейин “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Жогорку Кеңеш “Белизгейт” окуясына өз баасын бериши керек, "Белизгейт" боюнча тиешелүү структуралар маалымат берсин деп чыгышкан.

- ”Ата Мекен”, силер дайыма өлкөнү чыңалууда кармап турасыңар. Атамбаевдин учурунда ачылган кылмыш иштердин баары туура болгон. Керек болсо, мамлекеттик структурадагы коррупция үчүн соттолгон кээ бирлерди бекер эле кое берип жиберишти. Алар аягына чейин отурса болмок. “Ата Мекен”, силер жасакерленип кыйын болгонуңарды токтоткула! – деди Карамушкина.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов ага жооп берип:

- Сиздей депутаттардын айынан акыркы жылдары бийлик жолдон адашкан. Жасакерленип, адилетсиздикти көрмөксөн болгон эл өкүлдөрүнө уят эле. Калыс болсоңуз! Сиздин жообуңуздун кереги да жок азыр, - деди.

2016-жылдын 14-ноябрында УКМК айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” улутташтырылбаган 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал документтерге Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү тиркелген.

УКМКнын быйыл апрель айында кызматтан кеткен мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев “Азаттык” менен болгон эксклюзивдүү маегинде "ыкчам булактар" аркылуу алынды делген документтин чын-бышыгы тастыкталбай калганын мойнуна алды. (RK)

XS
SM
MD
LG