Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:43

Сегизбаев: Орто-Сай-2 конушундагы үй тууралуу маалымат чындыкка жатпайт


Абдил Сегизбаев
Абдил Сегизбаев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Бишкектеги Орто-Сай-2 шаарчасына үй куруп жатканы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Социалдык тармактарда жана айрым маалымат каражаттарында чыккан бул кабар чындыкка төп келбестигин "Азаттык" радиосуна билдирди.

- Мародерлукка катышкандар, ондогон жылдар бою паракорлук кылып, коррупцияга аралашып жүргөндөр эч кандай факт жок туруп мени мыйзамсыз иштерди жасады деп күнөөлөп жатышат. Жада калса кайсы бир заңгыраган имараттын сүрөтүн таап, аны мага таандык дешти. Бул жалган, мен мунун артында ким турганын жакшы билем. Мени коомчулукка жек көрсөтүү максатын көздөп жатышканын түшүнөм. Мен "чабуулдарга" бута болуп жатканымды да түшүнөм. Себеби бир кездери ачылган кылмыш иштерин токтотуу боюнча "сүйлөшүүлөргө" макул болбой, сотко чейин жеткиргем. Мен баарын туура кылганыма ишенем, эртеби же кечпи, ал иштердин фигуранттары тийиштүү жазасын алышат,- деди Сегизбаев.

Мурдараак социалдык тармактарда жана maalymat.kg сайтында үч кабат үйдүн сүрөтү жарыяланган. Аны Мантай аттуу ишкер УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев жана орун басары Болот Сүйүнбаев менен бирге Бишкектин Орто-Сай-2 шаарчасына куруп жатканы, ээлеген жери бир гектар экени айтылган.

Maalymat.kg сайтынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков аталган имарат тууралуу кабар социалдык тармактардагы билдирүүлөрдүн негизинде жарыяланганын, "текшерип көрүү керек" деген таризде жазылганын билдирди.

Абдил Сегизбаев УКМКны 2015-жылдан 2018-жылдын апрелине чейин башкарып, өз арызы менен кызматтан кеткен. Ордуна Идрис Кадыркулов дайындалган.

"Ата Мекен" партиясы Сегизбаевди партия лидери Өмүрбек Текебаевге жалган жалаа жаап, каматкан деп айыптап келет. (SE)

XS
SM
MD
LG