Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

УКМК: Депутат пара менен кармалды


Депутат кармалган учурда тартылган сүрөт.
Депутат кармалган учурда тартылган сүрөт.

Нарында Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты 15 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы 19-сентябрда кабарлады. Маалыматта айтылгандай, ал аймактагы электр компаниясынын жумушчусун опузалаган, анын абоненттерден акча алып жүргөнү тууралуу далили бар экенин айткан жана 20 миң сом талап кылган.

Факт боюнча Нарын облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 313-беренеси ("Пара талап кылуу") менен иш козгоду.

Шектүү Нарын милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. (SE)

XS
SM
MD
LG