Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана прокуратура органдары “Белизгейт” окуясына жооптууларга карата кылмыш ишин козгошу керек, бул башкалар үчүн сабак болушу зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып билдирди.
- Убагында Сегизбаев баш болгон УКМК, айрым күч органдары калпты мамлекеттик деңгээлде айтышкан. Биз азыр анын жазасын берип койбосок бул кийин норма болуп калат. Мен, эсиңерде болсо, “кара ниеттиктин, кара пиардын өмүрү кыска болот” деп айткам. Мына, бир жылга жеткен жок! Кыска болду. Азыр эми алар мактанып, оңду-солду интервью берип жатышат. Алар мамлекеттин жетекчисин, парламентти, 6 миллион элди алдаганы үчүн көчөдө баса албай, үйүнөн чыга албай калышы керек. Эмне үчүн УКМК, прокуратура мамлекеттик деңгээлдеги ири калпычыларга кылмыш ишин козгобой, карап турасыңар?! Козгогула, кийинкилерге сабак болсун!
2016-жылдын 14-ноябрында УКМК айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” улутташтырылбаган 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал документтерге Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү тиркелген.
УКМКнын быйыл апрель айында кызматтан кеткен мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев “Азаттык” менен болгон эксклюзивдүү маегинде "ыкчам булактар" аркылуу алынды делген документтин чын-бышыгы тастыкталбай калганын мойнуна алды. (RK)