Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:43

Кыргыз өкмөтү Бельяниновго "Биз таза адамдар менен иштейбиз" деп жооп берди


Андрей Бельянинов
Андрей Бельянинов

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өнүктүрүү банкынын башчысы Андрей Бельяниновдун кыргыз өкмөтүнө карата айткан сынына жооп берди.

Бүгүн парламентте «Республика Ата-Журттун» депутаты Руслан Казакбаев Бельянинов «Кыргызстандын өкмөтүндө сүйлөшкөнгө киши жок, башаламандык бар» деп айтканын эскертип, өкмөт башчынын жообун сурады.

Премьер-министр Абылгазиев депутаттын бул суроосуна:

- Ал киши расмий болсо, «келели, жолугалы» десе сүйлөшөбүз да. Анан ал кишинин деле өзүнүн тарыхын билебиз эмне болгонун. Премьер-министрдин, өкмөттүн деңгээлинде сүйлөшө турган өзүнүн жүзүн көрсөтсүн. Биз таза кишилер менен иштейбиз. Таза эмес кишилер болсо өз комментарийин бере беришсин, жактай берсин, жолуга берсин, - деп жооп берди.

6-сентябрда Алматыда Евразиялык маалымат каражаттарынын конгрессинде Бельянинов банктын Кыргызстандагы ишмердиги тууралуу суроого жооп берип жатып, "сунушталган долбоор болбогондуктан насыялоо да болгон жок" деп жооп кайтарган. Ошондой эле ал Кыргызстанда ишкердиктин көзү менен караганда эч ким менен сүйлөшүүгө мүмкүн эместигин, аткаминерлер тез алмашып тургандыктан, аларга "ликбез" (сабатын ачып) өтүүгө аргасыз болуп жатканын айткан.

Кыргызстандын Каржы министрлиги инвестицияга кепилдик бере албаганын билдирген Бельянинов жагдайды белгилүү жөөт анекдоту менен салыштырып, жардам сураган адамга Кудайдын "жок дегенде лотерея билетин сатып алып койчу" дегенин мисал келтирген.

Орусиянын мурдагы башкы бажычысы Андрей Бельянинов 2016-жылы иштен алынган. Ага чейин алкоголдук продукциянын аткезчилигине байланыштуу кылмыш иш боюнча анын үйүндө тинтүү жүргөндө 66 миллион рубль табылган.

Бельянинов кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын теңтөрагасы катары белгилүү болчу.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев аны "Кыргызстандын чоң досу" деп атачу жана кызматтан кеткенде өкүнүчүн билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG