Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Трамп: АКШ Польшанын туруктуу аскерий база жөнүндөгү өтүнүчүн карап жатат


Дональд Трамп жана Анджей Дуда Ак үйдө кол алышкан учур. Вашингтон, 18-сентябрь, 2018-жыл.
Дональд Трамп жана Анджей Дуда Ак үйдө кол алышкан учур. Вашингтон, 18-сентябрь, 2018-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын билдиргенине караганда, анын администрациясы Польшанын бул өлкөдө америкалык туруктуу аскерий база ачуу жөнүндөгү өтүнүчүн ага “өтө олуттуу маани” берүү менен караштырып жатат. Трамп бул тууралуу 18-сентябрда Вашингтондо поляк президенти Анджей Дуда менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү алдында билдирди.

Польша АКШ аскерлерин өз аймагына жайгаштырууну буга чейин бир нече ирет өтүнгөн жана туруктуу базаны каржылоо үчүн эки миллиард долларга чейин салым кошо аларын билдирген.

Америкалык аскерлер азыр Польшада НАТОнун ротациялык программасынын алкагында турушат. Поляк бийликтеринин буга чейинки билдирүүлөрүнө караганда, өлкөгө АКШнын туруктуу аскерий базасы Орусиянын аймактагы аскерий ишмердигине каршы туруу үчүн керек.

Орусия бул сунушка каршылык билдирип, НАТОнун чыгышка карай кеңейишин Европадагы стабилдүүлүккө коркунуч катары карай турганын белгилеген.

Москва 2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан кийин НАТО "Чыгыш фланг", Орусия "Батыш фланг" деп атаган аймактарда эки тарап тең аскердик турумдарын чыңдаган. Алар бул аймактарда бир нече ирет аскердик машыгуу уюштурушту. “Чыгыш флангда” НАТОнун быйыл октябрь, ноябрь айларында да ири машыгуулары өткөнү турат. (UE)

XS
SM
MD
LG