Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:10

Парламент Жаңыл Мамбеталыны Жогорку Соттун судьялыгына шайлады


Жогорку Кеңеш Жаңыл Мамбеталыны Жогорку Соттун судьялыгына шайлады.

Анын талапкерлиги үчүн жыйынга катышкан 100 депутаттын 85и макул деп, 15и каршы добуш берди.

Добуш берүүдөн соң Жаңыл Мамбеталы парламент алдында ант берип, ишине киришти.

Буга чейин Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп келген Мамбеталыны саясатчы Садыр Жапаровго карата туура эмес чечим чыгарган деп сындашкан эле. Өзү бул айыптоону четке кагууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG