Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Башкы прокуратура "Белизгейт" боюнча териштирүүсүн кайра улантмай болду


Белиз мамлекетинен келди деген документтер.
Белиз мамлекетинен келди деген документтер.

Башкы прокуратура “Белизгейт” боюнча териштирүүсүн улантмай болду. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып мекеменин орун басары Нурлан Дүйшембиев билдирди.

Ал быйыл 31-июлда Башкы прокуратура “Белизгейт” боюнча кылмыш иш козгоодон баш тартканын, бирок 18-сентябрда ошол токтомун кайра жокко чыгарганын билдирди.

Эми, анын айтымында, кошумча териштирүү жүрүп, ишке жаңы юридикалык баа берилет. Башкача айтканда, кылмыш иш козгоонун зарылчылыгы барбы же жокпу деген маселе чечилет.

2016-жылдын 14-ноябрында УКМК айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” улутташтырылбаган 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал документтерге Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү тиркелген.

УКМКнын быйыл апрель айында кызматтан кеткен мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев “Азаттык” менен болгон эксклюзивдүү маегинде "ыкчам булактар" аркылуу алынды делген документтин чын-бышыгы тастыкталбай калганын мойнуна алды.

Белиз өлкөсүнөн документтер УКМКга келген-келбегенин, эгер келбесе коомчулукка жалган маалымат таратып, "Ата Мекенди" каралагандар жазасын алышы керек деген талаптардан кийин Башкы прокуратура кылмыш иш козгоо маселесин карап, "кылмыштын курамы жок" деген негизде баш тартып койгон. Эми кайра териштирмей болду. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG