Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Данияда ири банк башчысы арам акчаны адалдоодон улам кызматтан кетти


Даниянын эң ири каржылык уюму - Danske Bankтын башчысы Томас Борген банктын Эстониядагы бөлүмү арам акчаны адалдоо боюнча жаңжалга кабылгандан улам кызматтан кетүүгө аргасыз болду.

"Danske Bank Эстонияда арам акчанын ыктымал адалданышында өз жоопкерчилигин аткара албаганы анык”, - деди Борген 19-сентябрдагы билдирүүсүндө.

Банктын өзүнүн ички иликтөөсү анын Таллиндеги бөлүмү аркылуу Орусиядан жана эски совет аймагынан миллиарддаган евро өтүп адалдаганын, 2007-2015 -жыл аралыгындагы акча которуулардын басымдуу бөлүгү шектүү болуп чыкканын көргөзгөн.

Danske Bankанын Эстонияда жашабаган кардарларынын шектүү акча которууларынын так көлөмүн бере албай турганын, бирок анын Таллиндеги бөлүмү аркылуу өткөн акчанын суммасы 200 миллиард евронун тегерегинде экенин билдиришти.

Бул Эстониянын бир жылкы ички дүң өнүмүнөн тогуз эсе чоң дегендик.

Банктын эсебинде бул акча 15 миңдей эсеп аркылуу өткөн, алардын 6200дөйүн банк өзү шектүү катары аныктаган.

Danske Bank боюнча учурда Даниянын өзүндө жана Эстонияда кылмыш иликтөөлөрү жүрүп жатат.

Маалыматтарга караганда, бул ишке АКШнын укук коргоо органдары да кызыгып жатат.

Быйыл жыл башында АКШ бийликтери Латвиянын ABLV банкын арам акчаны адалдоо операцияларын жашырганы үчүн айыптаган.

Мындан улам ага доллар түрүндө акча берилбей, бул жагдай акыр-аягында банктын кыйроосуна алып барган. (UE)

XS
SM
MD
LG