Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Түрк жарандыгын алуунун жолу өзгөрдү


Анталья шаары.
Анталья шаары.

Түркиянын жарандыгын алуунун жол-жобосу өзгөрдү. Бул тууралуу өлкөнүн расмий гезити (Resmi Gazete) 19-сентябрда жазды.

2010-жылы президент Режеп Тайып Эрдоган кол койгон жобого киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эгер мурда жарандык 2 млн долларлык инвестиция алып келген чет өлкөлүк жаранга берилсе, эми бул сумма 500 миң долларга төмөндөтүлдү. Ошондой эле буга чейин 1 млн долларга кыймылсыз мүлк сатып алган чет өлкөлүк адам да жарандык алса, эми 250 миң долларга алгандар деле жарандыкка ээ боло алат.

Түркиянын Статистика комитетинин маалыматына караганда, учурда бул өлкөдө 1 миилионго жакын чет өлкөлүк туруктуу жашайт.

2016-жылы 14 миңден ашык чет өлкөлүк түрк жарандыгын алган. Алардын 3,5 миңи сириялыктар. Мындан тышкары Орусия, Ооганстан, Болгария жана Азербайжандан баргандар бар.

Түрк тараптын расмий маалыматына караганда, 2017-жылы 680 кыргызстандык кыз-келин түрк жарандары менен расмий баш кошкон. Мыйзамга ылайык, алар үч жылдан кийин жарандыкка документ тапшыра алат. (ElB)

XS
SM
MD
LG