Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:40

Пакистандын мурдагы премьери Наваз Шариф абактан бошотулду


Наваз Шарифтин жактоочулары сот алдына келген учур. Исламабад, 19-сентябрь, 2018-жыл.
Наваз Шарифтин жактоочулары сот алдына келген учур. Исламабад, 19-сентябрь, 2018-жыл.

Ал түрмөдөн Исламабаддын Жогорку Сотунун бүгүнкү чечиминен кийин чыгарылды. Ага ылайык, Пакистандын мурдагы премьер-министри Наваз Шариф, анын кызы жана күйөө баласы алардын иши соттун апелляциялык баскычында каралып жаткан учурда түрмөдөн күрөөнүн негизинде бошотулуп турушу керек болгон.

Сот чечими боюнча алардын ар бири күрөөгө 500 миң рупий же 4000 доллардан койот.

Быйыл июлда Пакистанда сот мурдагы премьер Наваз Шарифти 10 жылга, анын кызы Мариам Навазды жети жылга, күйөө баласы Мухаммад Сафдарды бир жылга түрмөгө кескен.

Алар 1990-жылдары Лондондон кымбат баалуу батирлерди сатып алганы үчүн айыпталышкан.

Шариф буга чейин ага коюлган айыптардын саясий жүйөсү бардыгын билдирип келген.

Пакистанда премьер-министр кызматын үч ирет ээлеген Наваз Шарифти Жогорку Сот былтыр коррупция боюнча айыптардын негизинде кызматтан четтеткен.

Ага өткөн жумада рак дартынан каза тапкан жубайынын тажиясына катышууга уруксат берилген. (UE)

XS
SM
MD
LG