Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Казакстан Кыргызстандын ТИМинин нотасын карады


Алматы аба бекети.
Алматы аба бекети.

Алматынын аэропортунда кыргызстандыктарды текшерүү күчөгөнү тууралуу Кыргызстандын нотасы боюнча Казакстандын Тышкы иштер министрлиги менен Чек ара кызматынын жооптуу жетекчилери атайын кеңешме өткөргөн.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушууда Казакстандын Бишкектеги элчиси Карим Кокрекбаев билдиргенин министрлик кабарлады.

Казак элчиси ошондой эле кыргыз тарапка расмий Астананын жооп нотасын тапшырган, бирок анын мазмуну жарыяланган жок.

Казакстандын Бишкектеги элчиси Тышкы иштер министрлигине 4-сентябрда чакыртылган. Буга, министрлик билдиргендей, “Алматынын эл аралык аэропортунда Казакстандын компетенттүү органдарынын кыргызстандыктарды системалуу түрдө ашыкча текшерип жатканы” себеп болгон.

Ага дейре быйыл май айында да Кыргызстандын ТИМи Казакстанга нота жолдогон. Казак тарап анда текшерүүлөрдүн күчөшүн “эл аралык террордук топтордун мүчөлөрү менен аларга көмөктөшкөндөрдү” аныктоо иши менен байланыштырган. (UE)

XS
SM
MD
LG