Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:48

Польша президенти: “Түндүк агым-2” Европа үчүн чоң коркунуч


Анджей Дуда.
Анджей Дуда.

Анджей Дуда бул тууралуу Вашингтондо, АКШ президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйынында айтты:

- “Түндүк агым-2” газ куурунун курулушу азыркы учурда эбегейсиз коркунуч туудурарында эч шек жок. Так айтып коюшубуз керек, курулуш азыр Германия тараптан, Орусия тараптан да башталып калды. Түтүктү Балтика деңизинин түбүндө жайгаштыруу менен байланышкан формалдуулуктар гана калды. Кандай болгон күндө да бул инвестициялык долбоор Европанын энергетикалык стабилдүүлүгүнө, Польшанын энергетикалык стабилдүүлүгүнө коркунуч жаратары да шексиз. Анткени, ал Орусиянын үстөмдүгүн таңуулап жатат. Анын үстүнө Орусия азыр кошумча “Түндүк агым-3”, “Түндүк агым-4” куурларын куруу тууралуу да айтып жатат. Газ менен камсыздоого келгенде Европадагы толук үстөмдүгү коркунучтуу экени айныксыз, - деди поляк президенти 18-сентябрда Ак үйдөн.

АКШнын президенти Дональд Трамп быйыл июлда Брюсселдеги сапарында “Түндүк агым-2” долбоорун кескин сынга алып, “Германия орус газынын барымтасында” калганын, жаңы газ куурунун курулушу анын көз карандылыгын ого бетер күчөтөрүн белгилеген.

“Түндүк агым - 2” долбоору Украина менен Польшаны айланып өтүп, Балтика деңизинин түбү аркылуу Германиянын түндүк-чыгыш жээгине Орусиянын газын алып келет.

Ал Москва Берлинге түз сата ала турган көгүлтүр отундун көлөмүн азыркыдан эки эсе көбөйтө турган долбоор.

Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү жана Вашингтон "бул долбоор Москванын Батыш Европага таасирин күчөтөт" деп эсептегендиктен анын ишке ашырылышына каршы чыгып келишет. Ал эми немис канцлери Ангела Меркел өнөктөш өлкөлөрдүн мындай камтамачылыктарын четке кагып жүрөт. (UE)

XS
SM
MD
LG