Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Трамп корей аралык саммиттин жыйынтыгын кубаттады


Дональд Трамп кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдө. Вашингтон, 19-сентябрь, 2018-жыл.
Дональд Трамп кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдө. Вашингтон, 19-сентябрь, 2018-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп 19-сентябрда Ак үйдөн кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, буларды белгиледи:

- Бизде Түндүк Кореядан, Түштүк Кореядан жакшы жаңылыктар болду. Алар (Ким Чен Ын менен Мун Чжэ Ин) жолугушту, бизде эң жакшы жооптор болду. Силер билгендей, мен Ким Чен Ындан эң мыкты кат алдым. Ал үч күн мурда келди. Бизде Түндүк Кореяга байланыштуу олуттуу жылыштар болуп жатат.

Түндүк жана Түштүк Корея лидерлери Пхеньяндагы саммитинде өзөктүк куралсыз Корей жарым аралына жетишүү мүдөөсүн жарыялашкан эле:

- Биз катаал карама-каршылык менен кастыктын тарыхына чекит коюу үчүн аскерий келишимди кабыл алдык. Корей жарым аралын өзөктүк куралдан эркин аймакка айлантуу боюнча аракеттерди улантууну макулдаштык. Мен президет Мун Чжэ Инге Сеулга жакынкы келечекте барууга убада бердим, - деди Ким Чен Ын 19-сентябрда Пхеньяндан.

Эгер мындай визит ишке ашса, бул Түндүк Корея лидеринин Корей жарым аралы ондогон жылдар мурда бөлүнгөндөн бери Түштүк Кореяга алгачкы ирет келиши болот.

Түштүк Корея президенти Мун Чжэ Индин кабарчыларга айткандарына караганда, Ким Чен Ын ракеталардын кыймылдаткычын сыноочу жана аларды учуруучу жайды бузуп, ал жерге инспекторлорду киргизүүгө макул болду.

Эки Кореянын лидерлери ошондой эле алардын өлкөлөрү чогуу көзөмөлдөгөн чек ара кыштагын куралсыздандырууну, анын ичинде минадан тазалоону, ошондой эле эки мамлекетти бөлгөн демилитаризациялык зонадан 11 көзөмөл бекетти алууну макулдашкан.

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын АКШ президенти Дональд Трамп менен быйыл июнда Сингапурда болгон тарыхый саммитте өлкөсүн өзөктүк куралдан арылтууга убада берген. Бирок АКШнын расмий өкүлдөрү буга дейре аталган жараянда азырынча олуттуу жылыш жоктугун айтышкан. Мындан улам өткөн айдын соңунда мамлекеттик катчы Майк Помпеонун Пхеньянга сапары да токтотулган.

Ал эми өткөн апта башында Түндүк Кореянын лидери АКШ президенти менен экинчи жолугушууну өтүнгөнү маалым болгон. АКШ бийликтери Пхеньян өзөктүк куралдан “толук жана биротоло” арылганы текшерүү жолу менен далилденмейинче ага каршы киргизилген экономикалык санкциялар жоюлбай турганын айтып жүрүшөт. (UE)

XS
SM
MD
LG