Приморский крайынын шайлоо комиссиясы аймактагы губернаторлук шайлоо боюнча өз чечимин бейшемби, 20-сентябрда жарыялайт деп күтүлүүдө. Бул тууралуу орусиялык маалымат агенттиктери кабарлоодо.
Ал эми 19-сентябрда Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясындагы жыйында Элла Памфилова крайдын губернаторун шайлоо жыйынтыгын жараксыз деп таанууну сунуш кылды.
Памфилова комиссиясынын бүгүнкү жыйынында белгилегендей, колдо бар маалыматтардын анализи шайлоо “олуттуу укук бузуулар” менен өткөнүн көргөздү.
Эгер шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылса, жаңысы үч ай ичинде өтүүсү керек жана бул Орусияда 1996-жылдан бери шайлоонун экинчи айлампасынын алгачкы ирет жокко чыгарылуусу болот:
- Биз БШКнын билдирүүсүнөн, Владивостоктон келген билдирүүлөрдөн улам кырдаал кандай өнүгүп жатканын көрүүдөбүз. Албетте, БШКнын турумун Кремлде баалашат жана колдошот, - деди Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков 19-сентябрда президент Владимир Путин БШКнын шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча сунушуна макул экенин ишара кылып.
Ыраакы Чыгыштагы Приморский крайында губернатор шайлоонун экинчи айлампасы 16-сентябрда болгон.
Бюллетендер саналып жаткан учурда Коммунисттик партиянын талапкери Андрей Ищенко 5-6% добуш менен алдыда бараткан.
Бирок дүйшөмбү күнү эртең менен баштапкы жыйынтыктар бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын талапкери Андрей Тарасенко жеңгенин көргөзгөн. Ищенко атаандашы үчүн 40 миңдей бюллетень жапырт салынганын дароо айтып чыккан.
Аймакта 17-сентябрдан бери шайлоодогу бурмалоолорго каршы нааразылык акциялары өтүп жатат.
Компартиянын лидери Геннадий Зюганов Приморский крайындагы шайлоо боюнча кылмыш ишин козгоого чакырды. Эгер экинчи айлампанын жыйынтыгы жокко чыгарылса, жаңы шайлоого кайра катышарын эки талапкер тең: Андрей Ищенко, Андрей Тарасенко да билдиришти. (UE)