Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Башар Асад Израилдин айыптоолорун четке какты


Орусия жана Сирия президенттери Владмир Путин менен Башар Асад.
Орусия жана Сирия президенттери Владмир Путин менен Башар Асад.

Сириянын президенти Башар Асад орусиялык Ил-20 учагынын кулашы үчүн Израилди айыптады.

Бул тууралуу мамлекеттик САНА агенттиги жазды. “Бул кайгылуу окуя өз максатына жетүү үчүн бардык ыплас жол-жоболорду колдонгон, биздин аймакта кастык аракеттерин ишке ашырган Израил агрессиясынын натыйжасы”, - деп жазылат Асаддын Орусия президенти Владимир Путинге жолдогон телеграммасында.

18-сентябрда орусиялык Ил-20 учагы атып түшүрүлгөн. Андан 15 аскер набыт болгон. Орусиянын Коргоо министрлиги бул окуяга Израилди айыптап, израилдик аскерлердин жоопкерчиликсиз мамилеси себеп болгонун айткан.

Израиль "кырсыкка тиешеси бар" деген айыптоолорду четке какты. Израил армиясы Ил-20 чалгын учагынын атып түшүрүлүшү үчүн Сирия президенти Башар Асаддын куралдуу күчтөрү, Иран жана "Хезболла" экстремисттик уюму жооптуу деп билдирген.

XS
SM
MD
LG