Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

Мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланды


Иллюстарция.
Иллюстарция.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу "Эне тил жана Айтматов" деген аталышта мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялады. Бул тууралуу комиссиянын жетекчиси Назаркул Ишекеев 19-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда билдирди.

Анын айтымында, ушул күнгө чейин республика боюнча "Кыргызтесттен" жалпысынан 15 миңден ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер өттү.

Мамлекет башчысы билим берүү тармагында, анын ичинде мектепке чейинки мекемелерде жана башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуу маселесин козгоп, жеткинчектер үчүн окуу китептерин басып чыгарууда «Байчечекей» бөбөктөр журналынын практикасын колдонуп, аны расмий өнөктөш кылып алууну сунуштады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG