Өкмөт өрт коопсуздугун камсыз кылуучу шарттарды текшерип, иретке келтирүүгө бир апта убакыт берди. Бул тууралуу бүгүн парламентте маалымат берип жатып өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди.
Анын айтымында, 18-сентябрда өкмөттө Ички иштер, өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин, Экотехинспекциянын жетекчилери катышкан жыйын өттү. Анда базарлардагы жана коомдук жайлардагы өрт коопсуздугу тууралуу маалымат угулуп, баарын текшерип чыгууга бир жума убакыт берилди.
Бишкектеги Ош базары бир нече жолу өрттөнгөнү, Ошто ири соода борборунда, Ысык-Көлдө ресторанда, жакында улуттук филармонияда, "Супара" эс алуу борборунда өрт чыкканы соңку күндөрү өрт коопсуздугу тууралуу маселени коомчулуктун көңүл борборуна алып чыкты. (RK)