Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

Бишкектин депутаттары жаңы коалиция түзүштү


Бишкектин мэриясы жана шаардык кеңешинин имараты.
Бишкектин мэриясы жана шаардык кеңешинин имараты.

Бишкек шаарынын депутаттары жаңы коалиция түзүштү. Бүгүн шаардык кеңеш жыйынга чогулуп, буга чейинки коалиция тараганын жарыялады.

Натыйжада ​КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика – Ата-Журт” кирген коалиция түзүлдү. Ал эми “Кыргызстан” азчылыкта калды.

19-сентябрда КСДП, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары көпчүлүк коалициянын курамынан чыгуу тууралуу чечим кабыл алгандан кийин ал тараган.

Жакында борбор калаада мэр алмашып, кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлыгына кеткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG