Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Бишкек: Шаардык кеңешти КСДПнын 29 жаштагы депутаты башкарат


Жаныбек Абиров.
Жаныбек Абиров.

Бишкек шаардык кеңеши бүгүн төрага шайлады. Добуш берүүгө катышкан 41 депутаттын 40ы шайлоого көрсөтүлгөн жалгыз талапкер - КСДП фракциясынын 29 жаштагы өкүлү Жаныбек Абировго макул болушту.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлдү. Ага ​КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика – Ата-Журт” кирди. Ал эми “Кыргызстан” азчылыкта калды.

19-сентябрда КСДП, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары көпчүлүк коалициянын курамынан чыгуу тууралуу чечим кабыл алгандан кийин ал тараган.

Жакында борбор калаада мэр алмашып, кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлыгына кеткен.

Абиров Кыргыз-Орус (Славян) университетин жана Башкаруу академиясын юриспруденция жана менеджмент багыттары боюнча аяктаган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. (ErN)

XS
SM
MD
LG