Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:44

Жогорку Соттун сурамжылоосу: Элдин 73% соттордун ишине канааттанат


Айнаш Токбаева.
Айнаш Токбаева.

Кыргызстанда жарандардын сот системасына ишеними 73 пайызды түзөт. Мындай жыйынтык соттордун ишине канааттануу деңгээлин аныктаган пилоттук сурамжылоонун жыйынтыгында белгилүү болду.

Сурамжылоого Жогорку Сот баш болгон беш сот органында иши каралып жаткан 1044 адам катышып, кесипкөйлүк, коопсуздук, маалымдуулук критерийлери боюнча суроолорго жооп беришкен.

Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева коомчулукта сотко болгон ишенимдин деңгээли тууралуу эл арасында ар түрдүү сөздөр айтылып келерин, тагыраак маалымат алыш үчүн сурамжылоо жүргүзүлгөнүн билдирди:

- Сотко жарандардын 70 пайызы ишенбейт деп айтып келишет. Кийин бул санды 80, 90 пайыз деп айтышты. Бирок бул сан эмненин негизинде аныкталганы белгисиз. Ошондуктан биз сурамжылоо аркылуу аныктоону чечтик.

Төрайым бул пилоттук сурамжылоонун жыйынтыгы экенин эскертип, жалпы өлкөнүн деңгээлинде тыянак өзгөрүшү мүмкүндүгүн кошумчалады.

Кыргызстанда сот системасына ишеним өтө төмөн экени айтылып келет. Муну өлкө жетекчилери да моюнга алып, сот системасын реформалоо зарылдыгын айтып келишет. (BkA)

XS
SM
MD
LG